“Сунушталган мыйзамда эч кандай цензура жок” – депутат Гүлшат Асылбаева

Бишкек, 30.06.2021 Sokol.media

Бир аз убакыт мурун Жогорку Кеңеште “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун жаңы вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү маселеси каралды. Аталган долбоордун демилгечилеринин бири Гүлшат Асылбаева бул мыйзам биздин коомго абдан керек деп эсептейт. Анткени ал азыр ар бир кыргызстандык жалган маалыматтын курмандыгы болуусу мүмкүн, андыктан маалыматтык коопсуздук менен камсыздоо зарыл деген пикирин айтат.
Аталган мыйзамдын күңгөй-тескейи тууралуу Гүлшат Асылбаеванын маегин сунуштайбыз:
Медиа коомчулук сиз автор болгон аталган мыйзамды цензура деп айтып чыгышты.
– Албетте, эч кандай цензура жок. Жалган маалыматтарды жайылтууга тыюу кандай учурда киргизилет? Аталгандай жалган маалыматтар ал тууралуу жайылтылган адамдардын жана юридикалык жактардын арызынын негизинде гана тастыктоо менен киргизилет.
Тескерисинче, мыйзам жарандардын жеке жашоосуна башкалардын кийлигишүүсүн алдын алып, адамдын укугун коргойт. Мыйзамдын негизги максаты – коомдук тартипке жана жарандардын жеке коопсуздугуна коркунуч жараткан жалган маалыматтардан коргоо.
Мамлекеттин жана андагы институттардын милдети – жарандардын кадыр-баркына шек келүүсүн алдын алуу, коргоо. Баарыбыз жалган маалыматтардын курмандыгы болушубуз мүмкүн, эч кимдин кепилдиги жок. Эгер адамдын фейк аккаунту болбосо эч нерседен чоочулабаса болот.
Бул мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясынын бир да беренесине каршы келбейт. Ошондой эле сөз эркиндигин чектебейт, бул мыйзам жарандардын укугун коргоого багыталган.
Бул иште биз Кыргыз Республикасынын Конституциясынын эрежелерин бекем кармандык. Мисалы, Конституциянын 29-беренесинде так белгиленген ар бир жарандын жеке жашоосу кол тийгис деп.
Конституциянын 53-беренеси коомдо жүрүм-турум эрежелери менен нормаларын сактоо, коомдун кызыкчылыктарын урматтоо ар бир адамдын милдети экендигин аныктайт. Адам өзүнүн укуктарын колдонууда башкалардыкын бузбашы керек. Ар бир адам Конституцияны жана мыйзамдарды сактоого, башкалардын укуктарын, эркиндиктерин, ар-намысын жана кадыр-баркын сыйлоого милдеттүү.
Конституциянын 10-беренесинде айтылгандай Кыргыз Республикасында маалымат коопсуздугу мамлекет тарабынан корголот. Жаш муунду коргоо үчүн жана адеп-ахлактык баалуулуктарга карама-каршы келген окуялар болсо, Кыргыз Республикасынын элинин коомдук аң-сезимине зыянын тийгизе турган маалымат болсо анда аны мыйзам менен чектөөгө болот деп айтылган.
Конституциянын 23-беренесинде улуттук коопсуздукка, коомго коркунуч жаралса, калктын коопсуздугу үчүн башкалардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында жарандын укуктары Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн деп жазылган.
Сизди сындагандар мыйзамды каржылоо булагын аныктабастан карап чыгуу дагы Конституцияга каршы келет деп жатышат.
– Мыйзамды кылдаттык менен окусак, анда мыйзам иштеп чыгууда каржы булактарын аныктоонун кажети жок экендиги айдан ачык экенин көрөбүз.
Провайдерлер мыйзамды техникалык жактан ишке ашыруу мүмкүн эмес деп айтышууда. Мыйзамды ишке киргизүүдө аларга кошумча милдеттер артылабы, маалымат издөө, топтоо, бөгөт коюу ж.б.
– Биринчиден, аталган мыйзамда маалымат издөө, чогултуу боюнча милдеттенмелер жок. Интернет-провайдерлер мыйзамды аткаруу мүмкүн эмес, кыйын деп жөн эле башты айлантууда.
Бул жерде сайтты жаап салуу тууралуу эмес, маалыматтын жалган экендиги тастыкталса андан ары жайылышына жол бербөө үчүн чектөө тууралуу кеп болууда. Учурда иштеп жаткан бир нече системалар провайдерлерге бул нерсени кошумча каржылык чыгымга учурабай эле жасоосуна мүмкүндүк берет. Болгону каалоо гана керек.
Бул “троллдорго” жана “фейктерге” каршы күрөштү башка жолдор менен деле жүргүзсө болот да. Мисалы медиа тармагы тууралуу билим деңгээлдерди жогорулатып.
– Мыйзамда кимдир бирөөгө каршы күрөшүү көрсөтүлгөн эмес. Мыйзамда адам же юридикалык жак анын кадыр-баркын жана беделин түшүргөн каралоого кабылган учурдагы укуктары көрсөтүлгөн. Медиа сабаттуулукту жогорулатуу тууралуу сунушка мен дагы кошулам. Бирок бул үчүн мамлекет бюджеттен ири каражат бөлүшү керек болот. Ага ылайык, мектептер, университеттер үчүн окуу китептерин басып чыгаруу, окутуу үчүн жаңы эрежелерди киргизүү, мугалимдерди даярдоо сындуу ж.б. маселелер жаралат.
Мыйзам долбоору жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК)укуктарын чектейт дегенге келсек. Социалдык тармактар жалпыга маалымдоо каражаттары болуп саналбайт жана тилекке каршы ЖМКларды көзөмөлдөгөн мыйзамдар соцтармактарга карата иштебейт.
Эгерде ЖМКлар жөнүндөгү мыйзам Конституцияга туура келсе, цензура деп эсептелинбесе, анда сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда да цензура жок.
Бирок сиз сунуштаган долбоор коомчулукта катуу сынга кабылды. Азыр мындай мыйзам канчалык зарыл жана ал интернет колдонуучуларды жалган маалыматтардан кантип коргойт?
– Бул мыйзам керек, анткени дезинформация коомго абдан коркунуч жаратууда жана ал баарыбызга таасир этет. Жалган маалыматтардан Кыргызстан гана эмес, бүткүл дүйнөлүк коомчулук тынчсызданып турган учур. Коронавируска байланыштуу кырдаал жалган маалыматка каршы күрөш зарылдыгын дагы бир жолу далилдеди.
Жакында эле социалдык тармактарда “өлүм топтору” деп аталган топтор пайда болду. Алар өз жанын кыюуну үгүттөп, өспүрүмдөрдү коркунучтуу жолго түртүүдө. Мындан сырткары атаандаштарын беделин түшүргөн чындыкка дал келбеген каралоолор жүрүп жаткандыгын көрүүдөбүз.
Адамдын беделин түшүргөн каралоолордун көпчүлүгү соцтармактардагы (Мисалы: Facebook, YouTube, WhatsApp, Instagram, Twitter ж.б.) фейк аккаунттар жана баракчалар аркылуу жарыяланат. Атайын органдар фейкти кантип аныктайт, чет элдик платформалар менен кантип иш алып барат? Расмий катталган аккаунттар абдан эле аз экенин баарыбыз билебиз.
– Ооба, сиз туура белгилеп кеттиңиз, азыр расмий катталган аккаунттар өтө эле аз жана каралоолор, такталбаган билдирүүлөр фейк аккаунттар аркылуу жарыяланат. Ушул үчүн таанымал адамдар аккаунттарын чыныгы экенин көрсөтүп турган атайын белгилерди койдуруп алышат. Бул алдамчылардын алардын атын колдонуп кандайдыр бир билдирүү жасоосуна толскоолдук жаратат.
Бирок ыйгарым укуктуу органдарга эч ким менен күрөшүүнүн кажети жок. Анткени Facebook, YouTube, WhatsApp, Instagram, Twitter сындуу соцтармактардын колдонуучулары алар менен атайын келишим түзүп, ошого жараша колдонуучунун бардык укуктарын жана милдеттерин өзүнө алат.
Мисалы чет элдик компания Facebook тармагындагы баракча дейли, же башка чет элдик соцтармактардагы баракчаны алалы. Колдонуучу юридикалык жактан өзүнүн баракчасынын кожоюну боло алабы же колдонуучу катары эле болобу?
– Мен жогоруда айткандай, Facebook, YouTube, WhatsApp, Instagram, Twitterдин ар бир колдонуучусу компания менен колдонуучу келишимин түзүшөт. Кол койгондон кийин ал колдонуу укугунун негизинде баракчанын ээси болуп калат. Болгону колдонуучунун укуктары жана милдеттери жазылган келишимди кылдаттык менен окуп коюш керек.
8-берененин 3-пунктунда жалган маалыматтар жөнүндө арыздарды кароо тартиби Министрлер кабинети тарабынан аныкталат деп көрсөтүлөт. Документке коомдук талкуу керекпи?
– Учурдагы мыйзамдарга ылайык, министрлер кабинети өтүнмөлөрдү карап чыгуунун жол-жобосун коомдук талкууга кое алат, бирок сунушталган мыйзам кабыл алынгандан кийин, бул этапта ал талап кылынбайт.
Учурдан пайдаланып, өлкөнүн тагдырына, коомубуздун адеп-ахлактык жана руханий абалына кайдыгер карабаган адамдарды мыйзамдын маңызын түшүнүүгө чакырам. Анткени баарыбыз жалган маалыматтардын курмандыгы болуубуз мүмкүн, эч кимде кепилдик жок!
Булак: ВБ сайты

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.