ПЦР-тест бир гана лабораторияда арзандаган. Түшүндүрмө

Бишкек, 30.06.2021 Sokol.media

25-июнь күнү Кыргызстанда коронавирусту аныктоо үчүн тапшырылган ПЦР-тесттин баасы төмөндөгөнү айтылган.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан Sputnik агенттигине тактоо иретинде билдиришкендей, кеп Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин лабораториясы тууралуу болуп жатат. Тариф 1 574 сомдон 786 сомго түштү.

Бул лаборатория Бишкек шаарында Фрунзе көчөсү, 35 (Исанов көчөсү менен кесилишет) дарегинде жайгашкан.

Ал эми жеке лабораториялар мурдагыдай эле өздөрү аныктаган баа менен иштеп жатышат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.