Ок атуучу куралдарды сатуу менен алектенген жаран кармалды

Бишкек, 30.06.2021 Sokol.media

Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан УКМК кызматкерлери менен биргеликте Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймактарында ок атуучу куралдарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү сатуу менен алектенген жаранды жана аны менен байланышкан кылмыш фактыларын аныктоо боюнча операцияны ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин коркунуч туудурган мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюу максатында, укук коргоо органдары тарабынан атайын ыкчам иш-чаралар өткөрүлгөн. Аталган иш-чаралардын жүрүшүндө Д.А. аттуу жаран “АКС-74”  үлгүсүндөгү ок атуучу куралды 30 даана огу менен мыйзамсыз сатуу учурунда  кармалды.

«Кармалган  жарандын жашаган жерине кечиктирилгис тинтүү иш-чараларын жүргүзүү учурунда, анын гаражынан жарылуучу заттар  жана жардыруучу түзүлүштөр табылып алынган, алар: 5 даана тротил шашкасы (ТП-400, ТП-200), детонациялык шнур, кол  гранатынын бир нече запалдары,  үч даана Ф-1 жана РГД-5 күжүрмөн гранатасы,  ок атуучу куралдын октору, 2 даана күйүүчү түтүктөр. 
Табылып алынган жарылуучу заттар  менен жардыргыч түзүлүштөр экспертизага жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иш-чаралары улантылууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.