Кыргызстан прагматикалык өлкөгө айланууда, — саясат талдоочу Ш.Бактыгулов

Бишкек, 30.06.2021 Sokol.media

Кыргызстан прагматикалык өлкөгө айланууда, — саясат талдоочу Ш.Бактыгулов Кыргыз Республикасынын Президенити С.Жапаровдун Түркмөнстанга жана Тажикстанга болгон сапарынын жыйынтыктары туурасында пикирин билдирди.

Эксперт кыргыз президентинин Түркмөнстанга жана Тажикстанга жасаган сапары анын Борбор Азиядагы коңшулаш жана түрк тилдүү өлкөлөргө жасаган сапарларын жыйынтыктады. Эске салсак, Садыр Жапаров Россия Федерациясына, Казакстанга, Өзбекстанга, Түркияга сапар менен барып келди, эми алдыда Кытайга боло турган расмий сапар күтүлүүдө.

«Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өзүнүн инагурациясында чыгып сүйлөгөн сөзүндө мына ушул өлкөлөр менен кызматташууну артыкчылыктуу багыт деп белгилеген эле. Бул өлкөлөргө жасалуучу сапарлар маанилүү. 2021-жылдын 5-майында кол коюлган жаңы Конституцияга ылайык, президент ички жана тышкы саясаттын негизги багыттарын аныктайт», — дейт саясат талдоочу Ш.Бактыгулов.

Практикалык ишке келсек, талдоочунун айтымында президент С. Жапаров мамлекетчил башчы катары ишке киришүүдө.

«Кыргыз Республикасынын президентинин тажик президенти Эмомали Рахмон менен боло турган жолугушуусу туурасында коомчулук арасында ар кандай пикирлер, талкуулар жана сунуштар айтылган эле. Бул жерде кыргыздын «Таранчыдан корккон таруу айдабайт» деген эзелки макалын келтире кетсек жөндүү болоор.

Бирок Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын көздөгөн кыргыз президенти Дүйшөмбүгө барып Тажикстандын расмий адамдары жана президенти менен жолугушту. Башкача айтканда бул жерде биз Садыр Жапаров өзүн таптакыр башка жактан — мамлекетчил жетекчи катары көрсөтө алганын көрүп турабыз. Ал Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын көздөгөн маселелерди чечүү үчүн саясий эркин көрсөттү», — деп белгиледи саясат талдоо жаатындагы эксперт.

Эң алды менен чек арага тилкелеш жашаган адамдар туурасында ойлонуу керек. Алардын коопсуздугу биринчи орунда турууга тийиш. Жарандар бийликтен тынч жашоону камсыздап берүүнү талап кылышууда. Өзүнүн Тажикстанга жасаган иш сапарында Садыр Жапаров бул маселенин артыкчылыктуу багытта экенин көрсөттү.

Ш.Бактыгулов эсептегендей, жетишилген келишимдер кыргыз-түркмөн жана кыргыз – тажик мамилелеринин кыйла реалдуу саясаттын назарынан кароого негиз түзөт.

«Бул Кыргызстандын тышкы саясатта прагматикалык өлкөгө айланып баратканын билдирет. Андыктан, жетишилген келишимдерди ишке ашыруу үчүн аткаруу бийлигинин алдыда иштин ири көлөмү турат», — деп жыйынтыктады саясат талдоочу.
Булак: NazarNews.kg

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.