Кумтөр боюнча мамкомиссиянын төрагалыгына депутат Эрмамат Тагаев дайындалды

Бишкек, 30.06.2021 Sokol.media

Кумтөр кени боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы катары Акылбек Жапаровдун ордуна депутат Эрмамат Тагаевди дайындоо сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда депутат Үмбөталы Кыдыралиев билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 17-февралындагы мамлекеттик комиссияны түзүү жөнүндө токтомуна 2 өзгөртүү киргизүү сунушталып жатат. Биринчиси, мамкомиссиянын төрагасы деп Акылбек Жапаровдун ордуна Эрмамат Тагаевдин ысымын жазуу. Экинчиси, депутат Акылбек Жапаров деген сөздөрдү министрлер кабинетинин төрагасы — экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров деп өзгөртүү.

Натыйжада депутаттар аталган өзгөртүүлөрдү колдошту.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.