Кахрамон Бакозода: Тынчтыкка келүүгө ниетин көрсөтө билүү бул коркоктук эмес

Бишкек, 30.06.2021 Sokol.media

«Тажикстандагы “Зеркало” социологиялык изилдөөлөр борборунун директору Кахрамон Бакозода:

«Кыргызстан менен Тажикстан аймактагы бирдей эле экономикалык деңгээлдеги өлкөлөрдөн. Биз бири-бирибизден экономикалык жактан көз каранды мамлекеттерденбиз. Балким, Тажикстанда андай көз карандылык Кыргызстандыкына караганда көбүрөөк да болушу мүмкүн. Мисалы, мурда соода жолдору Кыргызстан аркылуу жүрчү эле. «Челнок» дешип, Кыргызстандан товар сатып алышып же Кытайдан Кыргызстан аркылуу товар ташып келишчү. Азыр болсо башка логистикалык багыттарды издегенге туура келип жатат. Мындан тышкары альтернативдик аба каттамдары да Кыргызстан аркылуу болчу. Так айта албайм, бирок Тажикстанга интернет дагы Кыргызстан аймагы аркылуу келет дегенди уккам. Афганистан аркылуу Тажикстанга Пакистандан деле товар ташылат, бирок соода агымы ал жерде жай десем болот. Тажикстандын Кыргызстан менен эконимикалык карым-катнашы бекемирээк болчу.

Ал эми Тажикстандан Кыргызстанга жыл сайын эрте бышка мөмө-жемиштер арзан баада ташылат эле.

Биз бири-бирибизге далыбызды салып, мейли анысы жок деле жашайбыз деп кое алсак болот. Бирок кыргыз президентинин Тажикстанга сүйлөшүүлөргө келе жатканы абдан жакшы белги. Тынчтыкка келүүгө ниетин көрсөтө билүү бул коркоктук эмес.  Биздин мамлекет аралык мамилелибиз мурунку нукка түшүшү керек. Биз-бирибибизди душман көрбөй, мамилебизди жаңы деңгээлге алып чыгарышыбыз керек, бирок ал үчүн эми кеминде беш жылдык убакыт талап кылынса керек». 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.