Эки лабораторияда бир эле адамдын ПЦР-тестинин жыйынтыгы эки башка чыкты

Бишкек, 30.06.2021 Sokol.media 

Бишкек шаарынын тургуну Алиса Жээнбекова «Аквалаб» жана «Бонецкий» лабораторияларына ПЦР-тест тапшырган. Бирок эки лаборатория эки башка жыйынтык чыгарды.

Алисанын айтымында, 21-июнда «Аквалаб» лабораториясында коронавируска ПЦР-тест тапшырган. Ал жактан коронавирус бар деген корутунду чыгарышкан.

«Эртеси тез арада «Бонецкий» лабораториясында кайра коронавируска тест тапшырдым. Ал жакта анализдин жыйынтыгы таза чыкты. Өзүмдү жакшы сезип жатам. Ушундан кийин кимге ишенсе болот?», — деп суроо салды Алиса.

Булак: АКИpress

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.