«Ичтиӊби унаа айдаба!». Акыркы 5 айда Ысык-Көлдө жол кырсыктын кесепетинен 30 адам каза болду

Бишкек, 30.06.2021 Sokol.media

Ушул жылдын акыркы 5 айында Ысык-Көл облусунда 144 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 30 адам каза болуп, 279 адам жаракат алышкан. Мас айдоочулардын кесепетинен 7 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу  Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
«Мас абалында унаа башкаруу – бул орчундуу көйгөй, аны жоюуда ар бирибиз өз салымыбызды кошуубуз абзел. Ошол себептен жол коопсуздугунун кызматкерлери, мас абалында унаа айдагандардын күбөсү болуп калган жарандарды токтоосуз Ысык-Көл ОИИБинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү боюнча 0704 07 11 50 номерине кабарлоого чакырат», — деп айтылат маалыматта.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.