Балыкчыда жеңил унаа толугу менен күйүп кетти

Бишкек, 30.06.2021 Sokol.media

Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарында жеңил унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-июнга караган түнү саат 02:20 чамасында Балыкчы шаарынын Токтосунов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда турган Toyota Estima үлгүсүндөгү унаадан өрт чыгып, толугу менен күйүп кеткен.
Өрт болгон жерге Балыкчы шаардык өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бригада тартылып, саат 02:40та чектөөгө алынып​, 02:59да толугу менен өчүрүлгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.