Балдар тарбиялануучусу Игордун өлүмү боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты

Бишкек, 30.06.2021 Sokol.media

Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якуниндин өлүмү боюнча дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Чүй ОИИББинин басма сөз билдирди.

Маалыматка ылайык, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында кылмыш иши Жазык кодексинин 138-беренесинин (Этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келген ден соолукка оор зыян келтирүү) 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна өзгөртүлдү. Экспертиза бала сабалганын тастыктады.

«Учурда жашы жете элек күбөлөргө соттук-биологиялык жана соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалды. Ошондой эле кошумча тергөө амалдары жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 1-июнда Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө 13 жаштагы Игорь Якунин көз жумган. Бирок бул тууралуу 8 күндөн кийин гана белгилүү болгон. Интернаттын администрациясы Игорь жүрөк оорусунан улам каза болгонун билдирген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.