Түркиянын коргоо министри баштаган делегациясы иш сапары менен Кыргызстанга келди

Бишкек, 29.06.2021 Sokol.media

Кечээ, 28-июнда Кыргызстан менен Түркиянын Коргоо ведомстволорунун ортосунда жетишилген келишимдерге ылайык, Түркиянын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар баштаган аскер делегациясы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу КРдин Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ТРнын Улуттук коргоо министринин расмий иш сапарынын алкагында КРдин коргоо министри Таалайбек Өмүралиев менен эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылууда. Анда эки өлкөнүн Коргоо мекемелеринин аскердик-техникалык кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланмакчы.

Андан сырткары аскер делегациянын «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине баруусу каралган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.