Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи болду (сүрөт)

Бишкек, 29.06.2021 Sokol.media

Бүгүн, 29-июнда Душанбе шаарында президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Садыр Жапаровду коштогон кортеж «Улут сарайына» келип токтоп, аны Эмомали Рахмон тосуп алды.

Мамлекет башчылары учурашкан соң, Ардактуу кароол ротасынын командири эки өлкөнүн лидерлерине рапорт берди. Андан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан ары Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон тизилип турган Ардактуу кароол ротасынан өтүп, бири-биринин — Кыргызстан менен Тажикстандын делегация мүчөлөрүн тааныштырышты.

Расмий жолугушуу аземи Ардактуу кароол ротасынын салтанаттуу маршы менен жыйынтыкталып, эки президент «Улут сарайына» тет-а-тет форматында сүйлөшүүгө киришти.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.