Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен жолукту (сурөт)

Бишкек, 29.06.2021 Sokol.media

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Варзоб аймагында жайгашкан «Бахор» резиденциясында жолукту. Бул тууралуу Тажикстан президентинин аппаратынан кабарлашты.

«Өлкөнүн резиденциясында мамлекет башчылары кооз жана кайталангыс жаратылыш, таза суулар менен таанышты. Кечки сейилдөөнүн максаты — өлкөбүздүн кооз жана уникалдуу бурчтарын тааныштыруу», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Тажикстанга кечээ, 28-июнда барган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.