Садыр Жапаров Исмоили Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду

Бишкек, 29.06.2021 Sokol.media

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-июнда, Тажикстан Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Душанбе шаарында тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоили Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду.

Тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоили Сомонинин эстелиги борбордун «Дусти» аянтына орнотулган.

Тажикстандын улуттук биримдигинин мемориалдык комплекси 1999-жылы Саманиддер мамлекетинин 1100 жылдыгына карата ачылган. Комплекс тажик мамлекеттүүлүгүнүн символу болуп саналат.

Президент Садыр Жапаровдун Тажикстан Республикасына расмий сапары уланууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.