Надира Нарматова, экс-депутат:Түбөлүк кошуна болгондон кийин, эрегишип олтура бергенден пайда жок

Бишкек, 29.06.2021 Sokol.media

-Надира эже, Тажикстандын Кыргызстанга кылган кыянатчылыгынан кийин президенттин ал жакка барып, мамилени түздөөгө аракте кылганы туурабы?

-Тажикстан менен Кыргызстан Кудай кошкон кошуна. Кылымдар боюу жашап келген, мындан кийин да жашайт. Өкүнүчтүүсү, эгемендүүлүктү алгандан бери эки мамлекет ортосунда чек ара маселелери боюнча талаш-тартыш маселеси чечилбей делимитация, демаркация иштерин эки тарап макулдашып, бир чечимге келбей жаткандыгын натыйжасында, түрдүү пикир келишпестиктердин айынан түрдүү чыр чатак чыгып, жер талаш, суу талаш, жол талаш болуп эки элдин ортосунда майда, барат пикир келишпестиктер жаралып келди. Өзгөчө 2021- жылкы 28,29- 30-апрель күндөрү болгон Тажик мамлекетинин, кыргыз элине жасаган иш аракетиндеги агрессиясы кечиримсиз иш. Бирок, түбөлүк кошуна болгондон кийин, эрегишип олтура бергенден пайда жок. Анткени эки мамлекет өз чындыгы менен бир бирине кылмыш ишин козгоп олтурат. Чек аралар жабылган. Эки тараптуу катнаш токтоду. Чек ара эле эмес экономикалык, социалдык, руханый байланыш токтоду. Эки тарап тең мындай мамиледен эч кандай утушка ээ болбойт. Тирешип эки тарап бир бирине таарына бергенде, убакыт өтүп жатат. Карапайым элдин жашоосу кыйындоодо. Чек ара маселесин тез арада чечип, демаркация, делимитация иштерин бүткөрүп, чек араны тосмойун маселе мындан да оор болушу мүмкүн. Ошондуктан эки мамлекеттин Президенттеринин жолугушуусунан терс же жаман нерсени көргөн жокмун.

-Бирок, бул аракетибиз менен тажиктердин агрессиясын эстен чыгарып койгон жокпузбу?

-Тажик мамлекетинин кыргызга жасаган агрессиясы 36 адамдын өлүмү,100 дөн ашык үйлөрдүн өрттөлүшү, соцобьектилердин кыйраганы, уурдап, тоноп жасаган мародерлуктарын санап олтурсак,анда тирешип жүрө беришибиз керек. Бирок кошуна болгондон кийин,»Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер»-деген улуу сөзгө таянсак, ким кечиримдүү болсо ошол тарап утат. Рахмонов Кыргызстанга келеби, Жапаров Тажикстанга барабы маселе анда эмес. Маселе бири чакырат, экинчиси чакырылган жерге барышы керек. Учурдагы көйгөйдү ийри отуруп, түз кеңешип, ортодогу маселени чечүү маанилүү.

-Айрымдар нейтралдуу жерде жолугуш керек эле. Тажикстанга барган намыстын жоктугу деп жатышат го?

Нейтралдуу жерде жолугушуунун деле зарылчылыгы жок деп ойлойм. Ортомчусуз экөө отуруп чечкен маселе маанилүү деп ойлойм. Ортомчу мамлекеттер ортодо турса, өз алдынча сүйлөшүү өз максатына жетпей калышы мүмкүн. Кыргыз мамлекетинин өзүнүн түрдүү рычагдарын пайдаланып, Тажик мамлекети менен тийиштүү талаптарын коюп, ортодогу чырдуү маселелерди, өзгөчө чек ара маселесин чечүүгө мүмкүнчүлүк бар. Тажикстан стратегиялык жолдор, суу, азык түлүк коопсуздуктар, ж.б. бир топ маселелер аркылуу Кыргыз мамлекетине көз каранды. Андыктан, тең ата туруп тажик мамлекетинин Президенти менен Садыр Жапаров Президентибиз жеринде маселе чечкенге толук мүмкүнчүлүгү бар. Эч кандай калпыстык болушу мүмкүн эмес. Тажик мамлекети жыргап жаткан жок. Терс арам ойлорду ойлоого мүмкүнчүлүгү калбады. Учурда эки тараптуу ынтымакчылык менен кечирүүчүлүк кадамдарга барып, чек ара маселесин тактап алышы абзел. Азыр чечилбесе, мындан кийин чек ара чечилбейт. Чечкиндүү кадамдар менен учуру келди,чек араны чечип алышыбыз керек. Куру намыстын кереги жок. Ар намыс, Манастын тукумубуз деген куру кыйкырыктын кереги жок. Көйгөйлүү маселелелер өзгөчө чек ара чечилсе ,ошол кыргыздын ар намысы.
Алыскы туугандан,жакынкы кошуна артык. Кошуналар менен тыгыз байланышта болгон жакшы. Тажиктердин кыргызга жасаган агрессиясына Кудай өзү жазасын берип жатат. Таба эмес.тооба кылалы.Тирешкенден, өчөшкөндөн пайда жок. Кыргыз Президентинин Тажикстанга атайын чакыруу менен барышы мыйзам чегемдүү эле көрүнүш.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.