Медицина кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн милдеттүү өтүүгө тийиш деген буйрук чыкты

6350860 07.10.2020 Вакцинация врачей Краевой клинической больницы №2 в Краснодаре, работающих в "красной зоне" госпиталя COVID-19, от коронавирусной инфекции вакциной "Гам-Ковид-Вак". Георгий Зимарев / РИА Новости

Бишкек, 29.06.2021 Sokol.media

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги медицина кызматкерлери милдеттүү түрдө коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү керек деген буйрук чыгарды. Бул тууралуу маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, тиешелүү буйруктун сүрөтүн медицина тармагындагы эксперт Бермет Барыктабасова социалдык тармактагы баракчасына жарыялап, нааразычылыгын билдирди.

Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул буйругу менен адам укугун бузууда.

«Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эл тарапта эмес, калктын саламаттыгын коргобойт, бейтап жана медицина кызматкерлеринин укугун коргобойт. Өзүнүн түркөй буйруктары менен калктын саламаттыгына коркунуч жаратууда. Жалпы ведомстволор аралык өз ара аракеттин ордуна, масштабдуу түшүндүрмөлөрдүн жана окутуунун ордуна, билимдин жана санарип технологияларын колдонуунун ордуна, так, конкреттүү, ырааттуу чектөө иш-чараларынын ордуна, 862-буйрук милдеттүү эмдөөлөрдүн ордуна коркутуп-үркүтүүгө, жумуштан бошотууга, айлык-маянадан ажыратууга күч жумшап жатышат! Өлкөбүздүн юристтери 862-буйрук менен канча Кодекстер жана мыйзамдар таштандыга ыргытылып, чийилгенин санап чыгышсын. Уят! Өкмөткө уят!», — деп жазган Барыктабасова.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.