Өлкөдөгү октябрь айындагы башаламандыкта Ак Үйдүн алдына уулун издеп чыккан эне 8 айдан бери комада жатат

Бишкек, 29.06.2021 Sokol.media

57 жаштагы Тамара Өмүралиева 2020-жылдын 6-октябрында “аскерде кызмат өтөп жаткан жоокерлерди Ак Үйдүн алдына тизип коюптур” деген маалыматты туугандарынан угуп, ошол кезде кызмат өтөп жаткан уулун коргоо үчүн аянтка келген. Ал көпчүлүктүн арасынан уулун издеп тапканча эки тарабынан жардыргыч атылып, эс-учун жоготуп койгон. Андан бери 8 ай өттү, бирок Тамара айым ошол күндөн тарта комада жатат.

Ал учурда баласы Ханназар Бектурган уулу «Ала-Арча» резиденсиясына башка жоокерлер менен кошо жөнөтүлгөн экен. Учурда кызматьн өтөп үйгө кайтканына 10 эле күн болду.

Тамара Өмүралиеванын 4 кыз, 2 уулу бар. 3 кызы турмушта. Ал эми 3 баласы энесинин жанында. Тамара айымга дарыгерлердин көзөмөлү тынымсыз керектигине байланыштуу Бишкек шаарынан ижарага батир алып турушат. Дарыланууга алтын, күмүш шакектерин, унааларын, бардык баалуу буюмдарын сатып, ошол каражатты жумшап, туугандарынын жардамы менен күн өтүп жатат. Каарманыбыздын кызы менен уулу «Мындан аркысына апам ойгонуп кетишине мээримдүү элибизден жардам сурайбыз», — дешет.

Толугу менен видеодон көрүңүз.

https://youtu.be/9uDlAR35veU

 

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.