Ипотекалык насыяны төлөө мөөнөтүн 5 жылдан 15 жылга чейин узартуу сунушталды

Бишкек, 29.06.2021 Sokol.media

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети «Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Мыйзам долбоорун депутаттар Аалы Карашев менен Айнура Осмонова сунуштаган.

Демилгечилердин берген маалыматына караганда, мыйзам долбоору ипотекалык насыя алууда жана аны төлөөдө карапайым калкка жеңилдик берүү максатында иштелип чыккан. Ошондон улам, «Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө» мыйзамдан «баштапкы төлөм – 10 пайыз» деген сөздү алып салуу жана ипотекалык насыяны төлөө мөөнөтү «5 жылдан кем эмес» деген сөздү «15 жылдан кем эмес» деген сөзгө алмыштыруу сунушталууда.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.