Бишкекте 11-кабаттан кулап кеткен 5 жаштагы бала каза болду

Бишкек, 29.06.2021 Sokol.media

Бишкек шаарында 5 жашар бала көп кабаттуу үйдүн 11-кабатынан кулап каза болду.  Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 28-июнда болжол менен саат 20:15те Бишкек ШИИБдин «102» кызматына шаардык балдардын клиникалык ооруканасынан 2016-жылы туулган бейтап тууралуу маалымат келип түшкөн. Анын баш мээси чайкалып, ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Аталган ооруканага милиция кызматкерлери барганда, кичинекей баланын Каралаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 11-кабатынан кулап кеткени маалым болгон.

Ал эми бүгүн, 29-июнда болжол менен саат 10:45 чамасында алган жаракаттарынан улам бала жандандыруу бөлүмүнөн чарчап калган. Бул факт РИИБге катталып, экспертиза дайындалган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.