Балыкчыда оор жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Бишкек, 29.06.2021 Sokol.media

Балыкчы шаарында Камаз автоунаасы эки автоунааны сүзүп, жолдун жээгине оодарылып калган. Бул тууралуу КР ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-июнь күнү саат 18:40 чамасында Балыкчы шаарынын Абдрахман менен Спортивный көчөлөрүнүн кесилишинде, Балыкчы шаарынын тургуну 37-жаштагы Ж.М. өзүнө таандык жүк таашуучу Камаз автоунаасы менен топурак кирпич тартып бара жатып Сокулук районун жашоочусу 25-жаштагы К.А. башкаруусунда Хундай-Соната жана Каракол шаарынын тургуну 57-жаштагы Ш.И. башкаруусундагы Мерседес-Бенц Спринтер унааларын сүзүп жолдун жээгине оодарылып калган.

Натыйжада Хундай-Соната унаасынын жүргүнчүсү 40-жаштагы М.Ю. жана Камаз автоунаасынын айдоочуусу Ж.М. аймактык ооруканага кайрылган, текшерүү учурунда Камаз автоунаасынын айдоочуусу алкогольдук ичимдик ичикендиги аныкталган.

Бул факты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып Балыкчы ШИИБдө кылымыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестиринде катталып сотко чейинки өндүрүү иштер башталды.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.