“Коронавирустан 4 күндө айыкты”. Алымкадыр Бейшеналиев жумушка кайтты

Бишкек, 29.06.2021 Sokol.media

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустан айыгып,  жумушка чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Министрдин абалы канааттандырарлык. ПЦР-анализи таза чыкты. Учурда жаңы стационарларды ачуу маселеси менен алектенип жатат. Эртең менен Суворов окуу жайынын жетекчилиги менен жолугуп, коронавирус жуктурган бейтаптар үчүн койка даярдоону талкуулашты», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 25-июнда Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус жуктурганы белгилүү болгон. Ал уу коргошун ичип, дарыланып жатканын билдирген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.