Акыркы сутка ичинде 1092 адамдан коронавирус аныкталып, 10 адам каза болду

Бишкек, 29.06.2021 Sokol.media

Өлкөдө акыркы сутка ичинде COVID-19 жана пневмония оорусу 1092 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Бишкек шаары — 602;
Ош шаары — 60;
Чүй облусу – 177;
Ош облусу — 47;
Талас облусу — 15;
Нарын облусу — 12;
Ысык-Көл облусу – 26;
Жалал-Абад облусу – 83;
Баткен облусу — 70.

2020-жылдын март айынан бери өлкөдө коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 123 миң 38ге жетти.

Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус жана пневмония оорусунан 10 адам каза болду.

Алар:

Бишкекте- 4

Чүй облусу — 3;

Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарында 1ден адам коронавирустан каза болгон.

Муну менен өлкөдө коронавирустан каза болгон адамдардын жалпы саны 1 миң 992ге жетти.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.