Акылбек Жапаров: Капиталы 100 млн. доллар болгон Кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фонду түзүлдү

Бишкек, 29.06.2021 Sokol.media

«Соода-экономикалык кызматташтык жана аны кеңейтүү боюнча кол коюлган документтер Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы экономикалык мамилелердин динамикасын арттырат», — деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров.

Анын айтымында, тилекке каршы, бүгүнкү күндө эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүү менен мактана албайт. Өткөн жылы товар жүгүртүү 2019-жылга салыштырмалуу 15-30 пайызга өскөнүнө карабастан, товар жүгүртүү көлөмү 11,7 миллион долларды гана түзгөн.

Акылбек Жапаров эки өлкөнүн президенттери жакынкы аралыкта товар жүгүртүүнүн көлөмүн 10-20 пайызга көтөрүү милдетин койгондугун белгиледи. Бул үчүн уставдык капиталы 100 миллион доллар өлчөмүндө Кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фонду түзүлдү. Министр аталган фонд жакын арада иштеп баштаарына үмүт артат.

«Мындан тышкары, түркмөн тарап Түркмөнстандын соода үйү үчүн имарат курууга даяр. Бул биздин өндүрүшчүлөр менен өнөр жайчыларга жакшы таасирин тийгизет деп ойлойм. Ошондой эле Ысык-Көлдө ден соолукту чыңдоочу комплекси менен беш жылдыздуу мейманкана куруу пландалууда. Биздин делегацияны август айынын биринчи он күндүгүндө Түркмөнстанда ушул багыттагы долбоорлор кандай ишке ашып жаткандыгын көрүү үчүн чакырышты. Эгерде биздин делегация зарыл деп эсептесе, анда быйыл жыл бою иштей турган санаторийдин курулушу башталат», — деп билдирди Акылбек Жапаров.

Ал жалпысынан сапар ийгиликтүү болгонун баса белгиледи. Көптөгөн документтерге жана келишимдерге кол коюлду. Быйыл эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда 20 миллион доллардан ашуун каражатка макулдашууларга кол коюлган. Ошондой эле транспорттук логистика боюнча келишим түзүлүп, кыргыз тараптын өлкөгө газ жана электр энергиясын жеткирүү жаатындагы маселелери менен суроо-талаптары чечилди.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.