Адис: Коронавирустун белгилери байкалганда антибиотик колдонуу туура эмес

Бишкек, 29.06.2021 Sokol.media

Коронавирустун биринчи белгилери пайда болгон учурда антибиотиктерди колдонбош керек. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин штаттан тышкаркы инфекционисти Айнура Кутманова маалымат жыйында билдирди.

«Жөтөл пайда болсо көбү дарылоону антибиотиктерден жана гормоналдык дары-дармектерди ичүүдөн башташат. Бул туура эмес. Оорунун башында жөтөл пайда болсо жылуу суу ичип, чөптөн жасалган жөнөкөй дарыларды ичсе болот. Жана эртерээк доктурга кайрылуу зарыл. Көп учурда паникага түшүп кетип жатышат, паникага түшпөөгө чакырабыз», — деп билдирди Кутманова.

«Эгерде дене тап 38,5тен жогору көтөрүлсө, анда сиз дене тапты түшүрүүчү дары-дармектерди (парацетамол жана ибупрофенди ар бир 6 саат сайын) колдонсоңуз болот», — деп кошумчалады ал.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.