1-июлдан баштап кумшекер, май жана мал ташыгандардан кошумча нарк салыгы алынбайт

Бишкек, 29.06.2021 Sokol.media

1-июлдан тарта ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон бир катар товарларга кошумча нарк салыгы алынбайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул чечим азык-түлүккө болгон рыноктук бааларды турукташтыруу жана чарбалык субъектилерге колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Нөл пайыздык коюм төмөнкү товарларга белгиленет:

  • 2021-жылдын 1-июлунан 31-августуна чейин – ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден импорттолуучу кумшекер жана өсүмдүк майына;
  • 2021-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейин ташылып келинген малга (жылкы, бодо мал, чочко, кой, үй канаттуулары). 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.