Жетим-Тоодогу темир кенин Кытай эмес кыргыздар өздөрү иштетмей болду

Бишкек, 28.06.2021 Sokol.media

Проект -менеджер Бөлтүрүк чет мамлекеттен команда алып келип, бул жактагы кыргыздарды чогултуп, кыргыз кендерин иштетели деп жатат. “Кумтөр Голд” компаниясын убактылуу тыштан башкарып жаткан Теңгиз Бөлтүрүк ишканадан түшкөн кирешеге Кыргызстандагы башка кендерди да ачуу пландалып жатканын айтты. Анын ичинде Нарындагы Жетим-Тоо темир кени да бар. Кумтөр кенинин жанында 30 чакырым аралыкта Тоголок деген алтын кен бар. Анда бери дегенде эле 100 тоннага чейин алтын бар. Кенди чалгындаса, ал да кошулат. Андан тышкары Таластагы Андаш, Талды-Булак кени турат.

Иштетилбеген кендер мамлекетибизде көп. Бала-Чычкан деген да өтө чоң кен бар. Таласта Бала-Чычкан кенинде 8 миллиард тонна темирдин кору жатат. СКС долбоору боюнча бул жерлерде тоо-кен жана металлургиялык комбинаттар курулат. Булар СКС — Талас комбинатына алынып келинип 2,5 млн тонна темир концентратынан 100 миң тонна титан, 8,5 миң тонна ванадий, 25 миң тонна кобальт алса болот. 8 миң жумушчу орду түзүлүп, Талас аэропорту реконструкцияланат. Жетим кенинде СКС долбоору боюнча Эки –Нарын комбинаты курулат. Бул жерде 5 млрд тонна кенде темир 1,7 млрд т, титан 4,2 млн.т, фосфор 13,6 млн.т, ванадий 340 миң тонна, 170 миң тонна никелдин кору бар. Буларды иштетүү менен жылына 2 млрд доллар киреше алса болот. Комбинатта 4 миң жумушчу орду түзүлөт. СКС программасы бул кендерди иштетүүгө белсенип жатат.

«Кумтөр Голд Компани» ишканасында тышкы башкаруу киргизилгенден бери 44 миң унция алтын сатылды. Ишканадан белгилешкендей, жыл башынан бери Кумтөрдө 161 миң 60 унция алтын казып алынган. Быйыл Кумтөрдө 470-510 миң унция же 14,62-15,86 тонна алтын өндүрүп алуу пландалууда. 44 миң унция алтынды сатуудан 82 млн 234 миң доллар жалпы киреше түшкөн. Андан алтынды өндүрүүгө кеткен чыгымдарды кемиткенде дүң киреше 40 миң 282 миң долларды түзгөн.Алтындын өздүк наркы 41 млн 952 миң доллар.

«Алтындын баасынын өйдө-ылдый болгонуна байланыштуу биринчи партиядагы 16 миң унция алтындын бир унциясы 1 миң 813,15 доллардан, экинчи партиядагы 28 миң унция алтындын бир унциясы 1 мин 893,15 доллар сатылды», — деп билдирет ишкана.

«Кумтөр Голд Компани» ишканасына убактылуу тышкы башкаруу быйыл 17-майда киргизилип, тышкы башкаруучу болуп Теңгиз Бөлтүрүк дайындалган. Ишкана «Кумтөр» учурда адаттагы тартипте иштеп жаткандыгын айтып, алтынды сатуу боюнча маалымат берди.»Дүң пайда 40,282 миллион доллардын тегерегинде болуп, өзүнүн баасы 41,952 миллион долларды түздү», — деп айтылган маалыматта. Компания алтындын баасы туруктуу болбой өзгөрүп турганынан улам 16 унций 1813,15 долларга сатылганын, ал эми 28 унцийдин ичинен экинчи партиясы 1893,15 доллардан соодалангандыгын эске салды.

Маалыматта компаниянын бардык салыктар менен бюджетке которулчу акчаларды төлөгөндүгү айтылган. Ишкана кызматкерлеринин айлыгы өз учурунда берилип, керектелүүчү товарларды жеткирип тургандар, кызмат көрсөткөндөр менен толук эсептешүү болгондугун билдиришкен. Алар тараткан маалыматтын аягына компания мурдагысындай эле ишинде ачыктык принцибин карманарын, мындан ары анын иши Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлөрүн билдирген.

“Кумтөрдүн” запасы болжол менен 1000 тонна деп бааланууда. “Жетимде” 5 миллиард тонна темир, ал эми Кумтөрдө 1 000 тонна алтын бар. Жетим-Тоону иштетүү үчүн, Кумтөрдөгүдөй бирден ашык карьер казуу керек болот. Мында да Кумтөрдөгүдөй эле руданы казып алуу маанилүү. Ал эми казылып алынган руданы кайрадан иштетүү керек. Кыргызстанда темир эритүүчү завод барбы? Албетте, бизде андай завод жок. Демек, аны куруу керек. Бирок ал завод үчүн көп көлөмдөгү электр энергиясы керек. Бирок, Кыргызстанда электр энергиясы жетишсиз экенин баарыбыз билебиз. Анан, акыр аягы бир эле жол бар, бул руданы сыртка ташыганга туура келет дегенди билдирет. Бирок, бул үчүн темир жол куруу керек. Бирок аны ким курат жана ал кимге керек? Мисалы, Орусия өзү темир экспорттойт. Коңшу Тажикстан дагы экспорттойт жана алар атаандаштарга муктаж эмес.

Жетим-Тоого Кытай гана кызыкдар болуп жатат. “Анда кыргызга кандай пайда?”, “Жетим-Тообуз экинчи Кумтөр болобу?”, “Бул бизди күтүп турган миллиарддаган долларлык бизнес келечекте биз үчүн кандай коркунуч жаратат?” деген көп чекиттүү суроолорго жооп табуу кыйынга турбайт. Мал менен жан баккан кыргыз жайытын кайда көчүрүп барат? Буга чейинки бийлик башындагылардын көзүн кызылдай акчалар, кызарган алтын, жалтылдаган метталдар тосуп калган. Бир сөз менен айтканда баарын Кытайдын акчалары сыйкырлап жатат. БизКытай 1 млрд 70 млн тонна темир рудасын импорттоду,а нын баасы болжол менен 80 млрд доллар. Кытайдын керектөөсүнүн 80 пайызы туура келди. 5 млрд тонна запасы бар Жетим-Тоо Кытайдын кызыкчылыгы үчүн гана иштейт. Балким беш жылдан соң Жетим-Тоодон жетим улак таппай калабыз.

Эгерде Кытайдын өзүндөгү темир рудасынын запасы болгону 23 миллиард тонна болсо, ал эми муктаждык жылына 1 миллиард болсо, анда Чыгыш ажыдаары өзүнү темирин эмне үчүн катып жатат? Ошондуктан, азыр Кытай АКШ, Канада, Австралия, Бразилия жана Индиядан руданы чыгымга карабастан импорттоп жатат. Эми кийинки кезек Кыргызстанга келип жетти. Ошол себептен улам Кытай Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушун каржылаган. Алардын максаты жол салуу гана эмес, темир кендерин чалгындоо болгон. Анын үстүнө биздин мөңгүлөр жыл өткөн сайын эрип, дарыяларыбыз чыгышка эмес, батышка агып жатат. Бул өтө кооптуу жагдайларды жаратууда. Демек, Кытай үчүн биздин мөңгү жана дарыялардын тагдыры тап-такыр кызыктырбайт. Албетте, келечекте Жетим-Тоонун темири бизге керек болот. Бирок, ата-бабалардан мураска калган тоону талкалоо бул урпактарыбызга кылган кыянатчылыгыбыз болот.

“Кумтөр” менен “Жетимди” салыштырсак

Кумтөр Кыргызстандагы ири минералдык гана кен эмес, Ала-Тоонун, Нарындын жогорку агымындагы, түбөлүк мөңгүлөр менен курчалган бийик тоолорунун арасында орун алган. Кумтөрдө 400 тонна алтын казылып, Лысый, Давыдов жана Сары-Төр мөңгүлөрү талкаланган. Акыркы жылдарга карата потенциалдуу суу булактарынын булгануусунан келтирилген зыян 50 миллиард литр таза сууну түздү, бул 80 миллион кубометр көлөмүндөгү муздун көлөмүнө барабар.

Нарындын жогорку агымындагы, түбөлүк мөңгүлөр менен курчалган бийик тоолорунун арасында Борбор Азиядагы эң ири темир рудалары дал ушул Жетим-Тоо да жайгашкан. Ата-бабаларыбыз бекеринен “жетим” деп атап койбосо керек. Бул кендин өзгөчөлүгү, ал Тянь-Шань тоо кыркаларынын так борборунда жайгашкан, ал Борбор Азиядагы таза суунун пайда болуу зонасынын маанилүү жана ажырагыс бөлүгү болгон ири мөңгүлөрдүн тоомунда жайгашкан. Жетим темир кенине салыштырсак Кумтөр “кымындай” эле болуп калат. “Жетим” карьерин иштетүү учурунда канча Тянь-Шань мөңгүлөрү талкаланарын элестете бериңиз.

Жетим-Тоодогу темир кендин тарыхына кайрылалы.Геологиялык чалгындоолордун жыйынтыктарына таянсак, Нарын облусунун Нарын районундагы Жетим тоо кыркаларындагы (Хребет Джетим) кен союз учурунда, 1956-жылы ачылган.

Кытай менен чектешкен жердеги бул тоодо темирдин запасынын узундугу 70 чакырым, туурасы 10 чакырым деп эсептелген. Тоо-таштын курамынын 15,4-46,3% темир түзөт. Айрым изилдөөлөрдө, анда алтындын жана башка кендердин да кошулмасы бар экени белгиленет.

Жалпысынан алганда, кен үстүртөн гана изилденген. Алгачкы изилдөөлөрдө анда С2 категориясындагы темир рудасынын 5,5 млрд. тонна (1,74 млрд. тоннасы темир) запасы аныкталган. Бирок кийин, 1980-жылкы изилдөөлөрдө таза темирдин көлөмү тоодо 10 млрд. тоннадай экени болжолдонгон.

Кыргызстандан эгемендик алгандан кийинки божомолдордо кара металлдын көлөмү кенде 3,5 млрд. тонна деп белгиленген. Ушул сумма деле Жетим-Тоону дүйнөдөгү темирдин ири запасын камтыган кендердин катарына кошот. 2005-жылдардан кийин тоодо «Тенли» аттуу кытайлык компания чалгындоо иштерин жүргүзгөнү айтылат. Бирок расмий маалыматтарга ылайык, биринчи лицензия 2009-жылдын 14-декабрында «Арт Майнинг» («Art Mining») аттуу фирмага берилген.

Булак: NazarNews.kg

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.