Садыр Жапаров Бердымухамедовду Кыргызстанга расмий иш сапары менен келүүгө чакырды

Бишкек, 28.06.2021 Sokol.media

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовду Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөр бүгүн, 28-июнда Ашхабад шаарында өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өлкө лидерлери кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык, отун-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү өз ара кызматташууну талкуулашты.

Садыр Жапаров Кыргызстан Түркмөнстан менен эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө багыт алган курсун толугу менен карманарына дагы бир жолу ишендирди, эки тараптуу өнөктөштүктүн чоң потенциалын мындан ары да чыңдоо, өнүктүрүү үчүн күч-аракетин болушунча жумшоого даяр экенин билдирди.

Президенттин айтымында, өз ара байланыштардын артыкчылыктуу багыттарынын бири — соода-экономикалык кызматташууну мындан ары активдештирүү болуп саналат. Эки өлкө соода, энергетика, транспорт жана агроөнөр жай комплекси жаатында олуттуу мүмкүнчүлүктөргө ээ.

«Эки бир тууган элибиздин тарыхый жана руханий тамыры терең, тилдери менен маданий салттары окшош. Аларды сактап калуу, ошондой эле кыргыз-түркмөн гуманитардык байланыштарын мындан ары да тереңдетүү өзгөчө мааниге ээ. Эки элдин руханий жактан жакындашуусу кыргыз-түркмөн элдеринин ортосундагы достук жана ынак коңшулук салттарын бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн эске алуу менен, коронавирус пандемиясына байланыштуу кырдаал жакшырганда, өз ара Маданият күндөрүн өткөрүүнү сунуштайм», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.