Ошто дарыяга түшүп кеткен унаа: 4 жаштагы кыздын денеси табылбай жатат

Бишкек, 28.06.2021 Sokol.media

24-июнь күнү түнкү саат 22:00 чамасында Кара-Кулжа районунун Көңдүк айылында Тар дарыясына кулаган унаада бара жаткан кыздын денеси табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Хёндай Портер унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, Тар дарыясына түшүп кеткен. Унаанын ичинде 5 адам болгон. Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар 1980-жылы туулган Ж.Т. (айдоочу) жана 2008-жылы туулган А.К. аттуу кызды куткарып калган. Кийин 1984-жылы туулган М.Г. жана 1993-жылы туулган М.Э. аттуу аял кишилердин жансыз денелери табылган.
Учурда 2017-жылы туулган А.Ф. аттуу кыз дайынсыз болууда. Бүгүн издөө иш-чараларын улантуу үчүн 19 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылып, саат 17:00дө издөө иш-чаралары убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон жок», — деп айтылат маалыматта.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.