Кылмыш иши козголгон депутат Алиярбек Абжалиев Кыргызстанга кайтып келди

Бишкек, 28.06.2021 Sokol.media

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда АКИpress агенттигинин күч органдардагы булактары билдирди.

Алдын ала маалыматка караганда, Абжалиев Кыргызстанга кечээ, 27-июнда келген. Ал кыргыз-казак чек арасынан өткөн.

Абжалиев — мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы.

Ушул жылы март айында УКМК Абжалиевдин үстүнөн мыйзамсыз баюу беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Тергөөнүн маалыматына караганда, Абжалиев мурдагы президент Жээнбеков менен тууганчылык байланышын пайдаланып, мамлекеттик органдардын ишине кийлигишкен.

УКМКнын билдирүүсүнөн кийин Абжалиев ушул жылы январь айында Түркияга учуп кеткени белгилүү болгон.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.