Казакстандан гумжардам катары келген ундун сактоо мөөнөтү өтүп кеткенби? ӨКМдин жообу

Бишкек, 28.06.2021 Sokol.media

20-22 июнь күндөрү социалдык тармактарда жана ЖМКларда «Казакстандан Кыргызстанга гумжардам катары келген 10 тонна ундун сактоо мөөнөтү өтүп кеткен» деген туура эмес маалымат тараган.

Бул маалымат боюнча ӨКМдин алдындагы мамлекеттик материалдык резервдер фонду түшүндүрмө берди.

«2021-жылдын май айында чындыгында эле Казакстандан гуманитардык жардам катары 10 тонна ун келген. Ундардын сапаты ЕАЭБдин стандартына жооп берет. Бирок өлкөдө июнда аба ырайынын табы 32-35 градуска чейин жетти. Ал эми июлда абанын табы мындан да ысыйт деп болжолдонууда. Бул унду сактоого терс таасирин тийгизет. Тактап айтканда, эшиктеги аба ырайынын жогорулашы кампада сакталган унга терс таасирин тийгизет»,- деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, ошол себептүү 10 тонна унду сатып, андан түшкөн каражатка буудай сатып алуу сунушталган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.