Дордой-Моторс базарындагы кафеден өрт чыкты

Бишкек, 28.06.2021 Sokol.media

Бүгүн, 28-июнда Бишкек шаарынын Ленин районундагы Дордой-Моторс унаа тетиктер базарынын аймагында жайгашкан кафеден чыккан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Өрттү өчүрүүгө саат 16:10до Ленин райондук ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 16:30да чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.