Акыркы суткада 1081 адамдан COVID аныкталып, 1054 бейтап оор абалда

Бишкек, 28.06.2021 Sokol.media

Бүгүн, 28-июнга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 1081 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Алар:

— Бишкек шаарында – 640 адам;

— Чүй облусунда – 99 адам;

— Жалал-Абад облусунда – 91 адам;

— Ош шаарында – 71 адам;

— Баткен облусунда – 63 адам;

— Ош облусунда – 58 адам;

— Ысык-Көл облусунда – 28 адам;

— Нарын облусунда – 17 адам;

— Талас облусунда – 14 адам.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 121 946 адамга коронавирус жуккан.

Акыркы сутка ичинде Кыргызстандын аймагында дагы 5 адам коронавирус менен пневмониянын кесепетинен көз жумду. Алардын ичинен үчөө Бишкек шаарында, бирөө Жалал-Абад облусунда, бирөө Ош шаарында катталды.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 1982 адам коронавирус аныкталгандан кийин көз жумду.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.