Бишкекте чөгүп кеткен 21 жаштагы жарандын сөөгү

Бишкек, 28.06.2021 Sokol.media

ГЭС-5 көлмөсүнө чөгүп кеткен 21 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-июнь күнү Аламүдүн районунун Дачное айылынын ГЭС-5 көлмөсүнө 2000-жылы туулган жаран сууга чөгүп кеткен. Окуя болгон жерге 3 куткаруучу барып, саат 17:02де маркумдун жансыз денесин табышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.