«Билим берүү министри менен качан таанышабыз?». Депутат жыйынга келбеген министрге нааразы болду

Бишкек, 28.06.2021 Sokol.media

Депутат Бейшеналы Нурдинов министрдин жыйынга келбегенине нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

«Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев менен качан таанышабыз? Эмне статс-катчы бир нерсе чечеби? Министр жыйынга эмнеге келбейт?», — деп сурады депутат.

Социалдык маселелер, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова: «Мен министр менен байланышкам. Инвестиция тартуу боюнча жыйын өтүп жатыптыр «жетишсем келип калам» деген», — деди.

Анда Нурдинов: «Өңүнөн көрүп, таанышып коёлу. Келеби же биз баралыбы? Жеке ар бирибизге келип, таанышып кетсин», — деди.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.