Сооронбай Жээнбековдун кудасы Абжалиев УКМКга 20 млн. сом которду

Бишкек, 28.06.2021 Sokol.media

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев УКМКнын атайын эсебине 20 миллион сом которду. Бул тууралуу Sputnik агенттигине мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, эл өкүлү Кыргызстандын аймагында болгону менен кармалган жок. Буга чейин ЖМКлар Абжалиев кылмыш иши козголгонго чейин эле өлкөдөн чыгып кеткенин жазышкан.

Абжалиев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы болот. Анын уулу Жээнбековдун кызына үйлөнгөн.

УКМК Абжалиев мыйзамсыз баюу фактысы боюнча шек жаратып жатканын маалымдаган. Анын байлыгы расмий кирешесине дал келбей жатканы белгиленген. Эл өкүлүнүн 20 элиталык батири, Бишкек шаарынын VIP-шаарчаларында турак үйлөрү, Ысык-Көл облусунда пансионаты, Ысык-Көл менен Чүй облусунда жер тилкелери, Түркия менен БАЭде кыймылсыз мүлкү бар экени аныкталган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, депутат, мындан сырткары, мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен туугандык байланыштарын колдонуп мамлекеттик башкарууга да активдүү катышкан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.