Уулу менен жубайынан токмок жеген 60 жаштагы жаран милицияга арызданды

Бишкек, 28.06.2021 Sokol.media

Аксыда сабалган кишинин аялы жана баласы шектүү делип Аксы РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Аксы райондук ички иштер бөлүмүнө Авлетим айыл аймагынын тургуну 1962-жылы туулган А.А. арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2021-жылдын 25-июнь күнү саат 20:00 чамасында аялы А.Б. жана баласы А.С. экөөлөп үйүнүн ичине камап алып, уруп, денесине залал келтиргендигин билдирген.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар 2021-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Аталган окуя боюнча Аксы РИИБинин жетекчилиги, тергөө-ыкчам тобу чыгышып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, сүрөткө алынган.

«Азыркы учурда жабырлануучунун денесине соттук-медициналык экпертиза дайындалган.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тиешелүү адамдар суралып, окуянын чоо-жайы такталып, натыйжада шектүү катары жабырлануучунун 1963-жылы туулган аялы А.Б. жана 26 жаштагы уулу А.С. кармалып, тергөө тарабынан КРдин ЖПКнын 98-беренесинин негизинде 48 саатка Аксы РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары уланууда»,-деп айтылат маалыматта.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.