32 жаштагы Азамат Сакиев «Кыргыз темир жолунун» жетекчиси болду

Бишкек, 28.06.2021 Sokol.media

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасына башкы директор болуп Азамат Сакиев дайындалды. Бул туурасында аталган ишкананын маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. Анын талапкерлигин өкмөткө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду сунуштаган.

Эске салсак, ишкананын мурдагы башкы директору Василий Дашков коррупцияга айыпталып учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Ал мамлекетке келтирген зыяндын жалпы көлөмү 1,5 миллиард сомдон ашканы белгиленет.
Азамат Сакиев 32 жашта, жогорку окуу жайды Малайзиядан бүтүрүп, менеджмент адистигине ээ болгон. «Кыргыз темир жолу» ишканасында эмгек жолун 2019-жылы баштаган. Соңку убакта материалдык-техникалык камсыздоо боюнча филиалынын мамлекетик сатып алуулар бөлүмүн жетектеп турган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.