Россияда мигранттар «Спутник Лайт» вакцинасы менен эмделет

Бишкек, 27.06.2021 Sokol.media

Коронавируска каршы «Спутник Лайт» вакцинасы жакынкы күндөрү толугу менен каттоодон өтүп, ошондон тарта Москва шаарында эмгек мигранттарын эмдөө жайлары ачылат. Бул тууралуу калаанын вице-мэри Анастасия Раковага таянып РИА Новости жазып чыкты.

«Москва облусунда иштеген эмгек мигранттары жана башка чет элдиктер эмдөө пунктуларынан акысыз вакцина алса болот. Ал үчүн каттоосу жана медициналык камсыздоо полиси керек. Бул документи жок мигранттар федералдык мыйзамга ылайык акысыз эмдөө ала албайт»,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, «Спутник Лайт» Гамалея борбору Россиянын Түз инвестициялар фонду (РФПИ) менен биргеликте иштеп чыккан «Спутник» вакцина топтомуна кирет. Учурда Россияда «Спутник V», «ЭпиВакКорона» жана «Вектор» вакциналары колдонулуп келет.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.