Жакында Кытайдан кайтарымсыз негизде 150 миң доза вакцина келет

Бишкек, 26.06.2021 Sokol.media

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Жылдыз Бакашова Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен вакцина маселелерин талкуулады.  Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар COVID-19га каршы күрөшүүдө эки мамлекеттин өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Кытай тараптан бекер берилген 150 миң доза Синофарм вакцинасы жакын арада республикага жеткирилет.

«Кытай тарабынан акысыз берилген Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы жакында республикага жеткирилет. Кыргыз өлкөсүнүн Кытай вакцинасын сатып алуусуна көмөк көрсөтүүңүздү суранабыз. Бул маселелердин тез арада чечилишинен үмүттөнөбүз», — деди Жылдыз Бакашова.

Кытай элчиси кыргыз тарапты жогорудагы маселелерди чечүүгө жардам көрсөтөөрүнө ишендирди.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.