Военно-Антоновкадагы балдар үйүндөгү баланын өлүмүнүн себеби 29-июнда белгилүү болот

Бишкек, 26.06.2021 Sokol.media

Чүй облусундагы Военно-Антоновка балдар үйүндө каза болгон 12 жаштагы Игорь Якуниндин өлүмүнүн себеби жакында белгилүү болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлайт.

«Сокулук райондук соттук-медициналык экспертизанын адистери тарабынан 2-июнда жашы жете элек баланы соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү учурунда, лабораториялык изилдөө үчүн соттук-химиялык жана соттук-гистологиялык изилдөө үчүн биологиялык объекттер алынган. Соттук-медициналык изилдөөлөрдүн натыйжаларын жана өлүмдүн бардык жагдайларын эске алуу менен, жашы жете элек баланын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн бардык керектүү маалыматтар бар. Экспертиза 29-июнда жыйынтыкталат. Жана тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет», — деп айтылат маалыматта.

Балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якунин 1-июнда көз жумган. Бул тууралуу биринчи болуп балдар укугун коргоочулар лигасынын башчысы Назгүл Турдубекова билдирген. Чүй ОИИББинен маркумдун сөөгүн кароодо зордук-зомбулуктун белгиси табылбаганын маалымдашкан.

 

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.