Текебаевдин мандатын кайтарып берүү талабы канааттандырылган жок

Бишкек, 26.06.2021 Sokol.media

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып берүү талабы канааттандырылган жок. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтарып берүү боюнча арызын Бишкек шаарынын Биринчи Май сотуна тапшырган. Соттук отурум 25-июнга белгиленген. 

2020-жылы октябрда саясатчы Жогорку Соттун анын кылмыш ишиндеги алгачкы эки инстанциянын өкүмдөрү жокко чыгарылган чечими менен БШКнын ага байланыштуу мурунку чечимдерин жокко чыгарып, анын мандатын кайтарып берүүнү суранган. Натыйжада Садык Шер-Нияз бошотуп берген мандат кайтарылган эле. Андан кийин Темирлан Ормуков БШКны сотко берген. Анын айтымында, шайлоо комиссиясынын Текебавдин айыпталуучу деген статусуна байланыштуу ага мандатын кайтарып берүүгө укугу жок болчу. Ушул жылдын март айында Жогорку Сот Административдик сот менен Бишкек шаардык соттун «Ата мекен» партиясынын лидерин депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча чыгарган өкүмүн күчүндө калтырган. Текебаевдин Жогорку Кеңештеги ордун тизме боюнча Шералы Абдылдаев ээлеген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.