Тайланддагы «ууру» тотукуштун ашказанынан 21 бриллиант табылды

Бишкек, 26.06.2021 Sokol.media

Тайланддын борбору Бангкок шаарында тотукуш кожойкесинин зер буюмуна кол салып, 21 бриллиант  жутуп алган.

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, кымбат баалуу ташты анын курсагынан наркоздун жардамында алып чыгышкан.

8 айлык Фрости бриллианттарды жуткандан кийин тамактанбай, алсырап баштаган. Аны ветеринардык бейтапканага жеткиришип, ал жактан рентген аркылуу текшергенде гана ашказанында катуу буюм бар экенин аныкташкан. 

Анын ашказанындагы 21 даана бермет толугу менен чыгарылган.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.