Самсаалы Четинбаев: Бүгүнкү бийликтин да эң чоң жеңиши — «Кумтөрдү» эл аралык шылуун Centerra Gold Inc. компаниясынан өз карамагыбызга ала алганыбыз болду!

Бишкек, 26.06.2021 Sokol.media

Самсаалы мырза, кумтөргө кыргызстан ээлик кылып туура кылдыбы же калпыстыкка жол берип алдыбы? Бийликтин ал аракетин мактаганы да, сындаганы да көп болуп жатат го?

-Эсимде, тээ 2002-жылы эле элдин ошондогу Акаев башында турган бийлике койгон эң чоң талаптарынын бири, «Бийлик Кумтөр алтын кенин кыргыз элинин пайдасына иштесин»- деген талап болчу!

Бирок, кашайып ал талап арадан дээрлик 20 жыл өтүп кана ишке ашты. Буга чейинки 2005-жылкы, 2010-жылкы дагы бийлик башына келген топтун духу жетип, Кумтөр кенин элдин карамагына алууга духу жеткен эмес. Бул факт.

Тескерисинче бийликке келээр замат Кумторду иштеткен Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясына адвокат болуп чыга келишчү. Бул да чындык.

Элдин да, бүгүнкү бийликтин да эң чоң жеңиши- Кумтөрдү эл аралык шылуун Centerra Gold Inc. компаниясынан өз карамагыбызга ала алганыбыз болду!

Улут катары баш көтөрүп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгардык дегенчелик иш болду.

Бул иш аракетибиз-улутубуздун башталыш ийгилиги катары бааланып, ийгилигибиздин башаты болуп калсын деп тилек кылалы!

Алга Кыргызстан!

Ырыс алды-ынтымак!

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.