Ошто эки жаран мыйзамсыз баңгизат сактаган деп шектелүүдө

Бишкек, 26.06.2021 Sokol.media

Баңгизатын мыйзамсыз сактаган жана саткан деп шектелген Ош шаарынын 2 тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы 25-июнда Ош ОИИБинин криминалдык милиция кызматы жана Кара-Суу РИИБинин Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы (БМЖКККнын) тарабынан баңгизатын сактап жана сатып жүргөн Ош шаарынын эки тургуну кармалды. 25 жаштагы А. уулу А.дан 2 грамм, 26 жаштагы А.Т.дан 36 грамм өзгөчө жыты бар, кара-күрөң түстөгү белгисиз зат алынган.

Бул факт Жазык кодексинин 267-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Аталган факт боюнча ар тараптуу, мыйзам чегинде чечим кабыл алуу үчүн жана алынган кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар заттын баңгизат каражаттарынын кайсы түрүнө кире тургандыгын аныктоо максатында соттук-химиялык экспертиза дайындалды.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.