Кыргызстандын муфтийи болуп Замир Ракиев шайланды

Бишкек, 26.06.2021 Sokol.media

Кыргызcтандын мусулмандар дин башкармалыгынын азирети муфтийи болуп Замир Ракиев шайланды.

Ал Муфтияттын кезектеги VII курултайында 9 талапакердин ичинен бир добуштан шайланды.

Ракиев Замир Шейшенбекович 1978-жылы 15-февралда Нарындын Кочкор районуна караштуу Шамшы айылында туулган. Ал 3 баланын атасы. Ал Бишкектеги медреседе, Египетте, Ислам институтунда жана Каирдеги Ислам университетинде окуу курстарында билим алган. БГУнун магистратурасын чыгыш таануу боюнча адистигин аяктаган. Аламүдүн районундагы медресенин мугалими жана мүдүрү, Нарын облусунун казысы, Кыргызстан муфтийинин орун басары болуп иштеген. Ошондой эле, ал өткөн жылдын 10-августунда Бишкек шаарынын казысы болуп дайындалган. 

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.