Кыргызстанда 8,5 миң адам баңгизаттан көз каранды. Алардын 6 пайызы аялдар

Бишкек, 26.06.2021 Sokol.media

2020-жылдын аягында республиканын наркологиялык мекемелеринде баңгизаттардан көз карандылык менен ооруган 8,5 миң адам катталган. Катталгандардын жалпы санынын 6 пайызы аялдар. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, баңгизат пайдалангандардын 61 пайызы инъекциялык ыкма колдонушат. Негизинен булар героинден көз каранды. 31 пайыздан ашыгы кара куурай чегет.

«Баңгизатты өлкөнүн бардык аймактарында колдонушат, бирок андан көз карандылардын көбү Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жашайт. Мунун кесепетинен Чүй менен Бишкекте баңгизатка байланыштуу кылмыш дагы көп болот. Тагыраагы, былтыр анын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланыштуу 1 110 кылмыш жана жорук катталса, алардын 23,2 пайызы Бишкекте, 22 пайызы Чүйдө болгон. Үчүнчү орунда Жалал-Абад облусу турат»,-деп берилет маалыматта.

Эске салсак, бүгүн, 26-июнь, Баңгизатка жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. 1987-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын ишмердүүлүгүн чыңдоо жана баңгиликтен арылткан дүйнөлүк коомчулукту түзүү чечкиндүүлүгүнүн далили катары негизделген.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.