Кыргызстан Россиянын «Спутник Лайт» вакцинасын каттоого алды

Бишкек, 26.06.2021 Sokol.media

21-июнда Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Дары-дармек жана медициналык жабдуу департаменти Россиянын бир компоненттүү «Спутник Лайт» вакцинасын каттады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Бир компоненттүү «Спутник Лайт» вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөө алгандан кийин 28-күнүнөн тарта 79,4 пайызды түзөт. 80 пайыз учурда анын таасири эки компоненттүү вакциналардан дагы күчтүү экени белгилүү болгон.

Белгилей кетсек, Кыргызстан Россияда коронавируска каршы биринчи өндүрүлгөн «Спутник V» вакцинасын 2021-жылдын февраль айында каттоого алган. Аталган вакцинаны дүйнөдөгү 67 мамлекет жактырган. Анын натыйжалуулугу 97, 6 пайыз деп бааланууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.