Бишкектеги ооруканаларда коронавирус жуктургандарды жаткырганга 65 эле орун бар

Бишкек, 26.06.2021 Sokol.media

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн Бишкектин кайсы ооруканасында канча бош орун бар экендиги тууралуу билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, 26-июнь саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 9 ооруканада 64 гана орун бош. Алар:

Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 4;
№2 клиникалык төрөт үйү — 10;
№1 шаардык клиникалык оорукана — 7;
Улуттук кардиология жана терапия борбору — 11;
Чүй облустук бириктирилген ооруканасы — 14;
Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 1;
Улуттук госпиталь: урология боюнча корпус — 8;
Улуттук онкология жана гематология борбору — 5;
Республикалык наркология борбору — 5.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.