Бабановдун жактоочусу ЭлТРдин үстүнөн арыз жазды

Бишкек, 26.06.2021 Sokol.media

Адвокат Амантур Абдырахманов ЭлТРден саясатчы Өмүрбек Бабанов тууралуу таратылган маалыматты төгүнгө чыгарууну талап кылууда. Жактоочу ушундай арыз менен Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссияга кайрылды.

Адвокат билдиргендей, аталган телеканал 21-июнда жаңылыктар программасында жана Ютубдагы каналында Бабановду “Кумтөрдөгү коррупциялык иштерде фигурант” деп мүнөздөгөн.

Абдырахманов программада Бабанов тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтар берилип, фактысы жок жалаа жабуу болгонун билдирди.

Бабановдун адвокатынын арызы 25-июнда жолдонгон. Комиссия жакын аралыкта аны кароого киришет.

Эске салсак, улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Өмүрбек Бабановду быйыл 31-майда камакка алган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.