Асылбек Жээнбеков: «Кумтөр иши боюнча таза экенимди ошол кезде кабыл алынган документтер өзү эле айтып турат»

Бишкек, 26.06.2021 Sokol.media

«Кумтөр» иши боюнча 2 айга камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков ага байланыштуу болуп жаткан иштерди саясий күрөш катары эсептерин айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Мага байланыштуу болуп жаткан бул иштерди мен саясий күрөш деп эсептейм. Мыйзамсыздык үстөмдүк кылууда. Өлкөнүн Конституциясы, мыйзамдар бузулуп жатат. 

Үч жолку чакырылышта парламентке депутат, эки ирет Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландым. Инсан катары да, депутат катары да, парламенттин төрагасы катары да эч качан мыйзамсыз иштерди жасаган эмесмин. «Кумтөр» иши боюнча менин таза экенимди ошол кезде кабыл алынган документтер өзү эле айтып турат. Убактылуу депутаттык комиссия даярдаган токтомго төрага катары мен кол койгонпарламенттин чечимдери менен салыштырып, окуп көргөн адам өзү баарын түшүнүп алат. Баарыбыздын кылганыбызды Кудай таразалап коёт.

Өлкөдө жөнөкөй эмес социалдык-экономикалык абал орун алууда. Эпидемиологиялык кырдаал да кайрадан курчуп жатат. Мындай учурда мамлекетибизге ынтымак, биримдик керек. Акыркы кезде мага артылып жаткан куру доомат, жалган жалаа мени адилеттик, акыйкаттык, абийир үчүн күрөшкө түртөт. Баарыбыз мыйзамсыздыкка каршы турушубуз керек. Келечекте балдарыбызга калтыра турган эң чоң байлык — бул мыйзамдуулук үстөмдүк кылган Кыргыз мамлекети”, — деп жазылат билдирүүдө.

Парламентинин экс-спикери ага колдоо көрсөтүп жаткандарга ыраазылык билдирерин кошумчалады.

Эске салсак, 23-июнда Бишкек шаардык сотунда Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочунун өтүнүчү каралып, соттун жыйынтыгында ал абакта калтырылган..

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.